Башкы бет Макала Намазда колду көтөрүү (роф’ аль-йадайн) жана анын далилдери.
Намазда колду көтөрүү үч мазхабда сүннөт: Шаафи’ий мазхабында, Ханбалий мазхабында жана имам Маликтин мазхабында. Имам Маликтен эки риваят келген. Көпчүлүк риваятында кол көтөрүү сүннөт деген.
Бул «Намазда колду көтөрүү» макаласынын ЭКИНЧИ бөлүгү. Башы бул жерде, ал эми уландысы бул жерде.
Ал эми Ханафий мазхабында намазда кол көтөрүү сүннөт эмес делет. Бирок Ханафий мазхабындагы кээ бир имамдар кол көтөрүүнү сүннөт дешкен. Мисалы, Мухаммад ибн Хасан менен Абу Юсуфтун шакирти Исоом ибн Юсуф Балхий кол көтөрүү сүннөт эмес дегендерди туура эмес, кол көтөрүү сүннөт деп колун которүп окуй турган болгон.
Алымдар айтышкан: “Абу Ханифанын белгилүү эки шакирти Абу Юсуф менен Мухаммад ибн Хасан, Абу Ханифага мазхабдын үчтөн биринде каршы келишкен”. Албетте үчтөн бири деген өтө көп маселе.
Намазда колду көтөрүү тууралуу Аллахтын Элчисинен ﷺ келген хадистер
Шейх Албани “Пайгамбардын ﷺ намазы” китебинде алып келет.
1. Абдуллах ибн Умар (роди Аллоху анху) айтат:
💬 Пайгамбарыбыз (саллаллоху алайхи уа салам) намазга турганда жана рукуга кетердин алдында жана рукудан турганда эки колун эки ийинин тушуна чейин көтөрүп, андан кийин «сами Аллоху лиман хамидах» деп айтат эле ошол көтөрүүнү саждага кетээрде кылбайт эле.
📚 (Бухари, Муслим, Малик. Имамдар бул хадистин иснадында чаң жок дешкен)
2 . 💬 Аби Килаба (роди Аллоху анху) Малик ибн Хуайристин намаз окуганын көрөт. Малик ибн Хуайрис (роди Аллоху анху) намазга киргенде эки колун көтөрүп жана рукуга барардын алдында эки колун көтөрүп жана рукудан башын көтөргөндө эки колун көтөрүп, анан Пайгамбарыбыз (саллоллоху ъалайхи уа саллам) намазда ушундай кылганын айтат.
📚 (Бухари, Муслим)
3 . Наавиг (рохимахуллох) айтат:
💬 Абдуллах ибн Умар (роди Аллаху анху) намазга турганда жана рукуга барардын астында жана рукудан «сами Аллоху лиман хамидах» деп турганда жана экинчи рекеттен үчүнчү рекетке турганда, эки колун көтөрүп анан ушул нерсени пайгамбарыбыз (саллоллоху алайхи уа салам) кылганын айткан.
📚 (Бухари: 739)
4 . Абу Хуройра (роди Аллоху анху) риваят кылат:
💬 «Пайгамбарыбыз (соллаллоху ъалайхи уа саллам) намазга турганда эки колун эки ийининин тушуна алып келип такбир (Аллоху Акбар деп) айтат эле. Жана эки колун рукуга барардын алдында жана рукудан турганда жана экинчи рекеттин ташаххудунан үчүнчү рекетке турганда эки колун көтөрөт эле.
📚 (Абу Дауд: 738, Ибн Хузайма: 695. Хадисти Абу Дауд, Хузайма, Ибн Хажар, шейх Албани сахих дешкен. Ибн Коййим Муслимдин шартына туура келет деген)
5 . 💬 Уаил ибн Хужур риваят кылат, ал пайгамбарыбыздын (саллоллоху алайхи уа саллам) намаз окуганын көрөт. Пайгамбарыбыз такбир айтып намазга кирип, кийими менен жамынып, (үстүнө жапкан кийими түшүп калган болсо керек дешет) оң колун сол колунун үстүнө койуп анан рукуга кетээрдин алдында эки колун кийиминен чыгарып көтөрүп, такбир айтты. Рукудан турганда «Сами Аллоху лиман хамидах»деп эки колун көтөрүп турду.
📚 (Муслим 401)
6. Мухаммад ибн Амру ибн Ато айтат:
💬 «Мен пайгамбарыбыздын (соллаллоху ъалайхи уа саллам) он сахабасынын арасынан Абу Хумайддын туруп, мен силерге караганда пайгамбарыбыздын намазын жакшыраак билемин»-деп айтканын уктум, ошондо сахабалар -анда бизге көрсөт дешти. Абу Хумайд туруп пайгамбарыбыздын намазын окуп берди. Ушул хадисте, Пайгамбарыбыз (соллаллоху ъалайхи уа саллам) намазга турганда жана рукуга бараардын алдында жана рукудан турганда, эки колун эки ийининин тушуна чейин көтөрчү деп айтат. Ошондо сахабалар туура айттың. Пайгамбарыбыз намазды ушундай окуучу деп тастыкташат.
📚 (Абу Дауд 730 сахих,
Тирмизий 304 сахих,
Ибн Хузайма 588 сахих,
Ибн Хибан 442
Ибн Маажах 1061)
Абу Дауд, Ибн Хиббан, Ибн Маажах кылган риваяттарында ошол сахабалардын арасында Абу Котада Робъий, Мухаммад ибн Маслама, Сахл ибн Саид, Абу Усайд, болушкан.
7. Али ибн Аби Тоолиб риваят кылган хадисте:
💬 Пайгамбарыбыз (соллаллоху ъалайхи уа саллам) намазга турганда «Аллоху Акбар» деп эки колун эки ийинин тушуна чейин көтөрчү жана сүрөөлөрдү бүтүп рукуга кетээрдин алдында жана рукудан турганда жана экинчи рекеттен турганда колун көтөрчү эле.
📚 Абу Дауд 744 хасан.
Тирмизий 3423 хасан, сахих.
Хузайма 584 сахих
Ибн Маажах.
Хааким.
8. Анас ибн Маалик айтат:
💬 «Пайгамбарыбыз (соллаллоху ъалайхи уа саллам) намазга турганда жана руку кылганда эки колун көтөрчү«.
📚 Бухари рофьул яадайн .
Ибн Маажах 866,
Ибн Хузайма сахихинде,
Шейх Албаани сахих деген.
9. Абу Зубайр айтат:
💬 «Жаабир ибн Абдуллах намазга турганда жана рукуга кетээрде жана рукудан башын көтөргөндө эки колун көтөрүп, анан айтты:»Пайгамбарыбыздын (соллаллоху ъалайхи уа саллам) ушундай кылганын көрдүм.»»
📚 Ибн Маажах 868,
Байхакий хилафият сахих,
Шейх Албаани сахих деген.
Хааким.
10. Хакам ибн Утба (рохимахуллох) айтат:
💬 «Тоустун намаз окуганын көрдүм. Ал намазга турганда жана рукуга кетээрде жана рукудан турганда эки колун көтөрдү. Мен ушул кол көтөрүүнү кайдан алганын шакирттеринин биринен сураганымда, ал Тоустун Абдуллах ибн Умарды ушундай окуганын көргөнүн. Абдуллах ибн Умар атасы Умар ибн Хаттобтун ушундай окуганын көргөнүн, ал эми Умар (роди Аллоху анху) Пайгамбарыбызды ушундай окуганын көргөнүн айтты.
📚 Хааким, Байхакий сунан Ал кубро 2/74.
══════ ❁✿❁ ══════
❕ Ал эми сахабаларга келе турган болсок имам Бухари «Рофъул ядайн» аттуу китебинде айтат:
«Пайгамбарыбыздын (соллаллоху ъалайхи уа саллам) он жети сахабасы намазда рукунун алдында жана рукудан кийин колдорун көтөргөнү риваят кылынат». Алар:
1. Абу Котада Ансорий.
2. Абу Усайд Саиьдий Бадрий.
3. Мухаммад ибн Маслама Бадрий.
4. Сахл ибн Саиьд .
5. Абдуллах ибн Умар ибн Хаттоб.
6. Абдуллах ибн Аббас.
7. Анас ибн Маалик.
8. Абу Хурайра.
9. Абдуллах ибн Амру ибн Аас.
10. Абдуллах ибн Зубайр.
11. Уаил ибн Хужр Ходрамий.
12. Маалик ибн Хуайрис.
13. Абу Муса Ашьарий.
14. Абу Хумайд Саъидий.
15. Умар ибн Хаттоб.
16. Али ибн Аби Тоолиб.
17. Умм Дарда.
Бухари Рофьул ядайн 23.
Байхакий сунаны кубра 2523.
💭Ибн Жаузий (рохимахуллоху) айтат:
«Бул сүннөттү, рукудан алдын жана рукудан кийин кол көтөрүүнү, пайгамбарыбыздан (соллаллоху алайхи уа саллам) риваят кылгандар: Абу Бакир, Умар, Усман, Али, АбдуРохман ибн Ауф, Хусейин ибн Али, Муьаз ибн Жаббал, Аммар ибн Ясир, Абу Муса, Имрон ибн Хусейн, Абдуллах ибн Умар, ибн Амру, Абдуллах ибн Аббас, Жаабир, Анас ибн Малик, Абу Хурайра, Маалик ибн Хаарис, Сахл ибн Саиьд, Буройда, Уаил ибн Хужр, Укбату ибн Амр, Абу Саиьд Худрий, Абу Хумайд Саиьдий, Абу Умама Бахилий, Умар ибн Котада, Аиша жана үч имам тең Малик, Шаафий, Ахмад ибн Ханбал сунна деп амал кылууга келишишкен».
📖 (Маудуъат: 98)
💭 Ирокий (рохимахуллох) айтат:
«Мен намазда колду көтөрүүнү риваят кылган сахабаларды жыйнаганымда алардын саны элүүгө жетти»
📖 (Фатхул мугийс)
Намазда колду көтөрүү’гө амал кылган сахабалар
1. Ато (рохимахуллох) айтты:
💭 «Абдуллах ибн Аббасты, ибн Зубайирди, Абу Саидти, Абдуллах ибн Умарды намазга киргенде жана руку кылганда колдорун көтөргөндөрүн көрдүм.«
📖 (Ибн Аби Шайба 235,
Бухари Рофьул ядайн 44.)
2. Аърож (рохимахуллох) айтат:
💭 «Мен Абу Хуройранын намазга турганда жана рукуга барардын алдында жана рукудан башын көтөргөндө эки колун көтөргөнүн көрдүм.»
📖 (Ибн Абдул Баар тамхийд 217, Сахих.)
3. Аасим ибн Сулайман (рохимахуллох) айтат:
💭 «Анас ибн Маликтин намазга киргенде такбир айтып эки колун көтөргөнүн жана рукуга барарда жана рукудан турганда эки колун көтөргөнүн көрдүм.»
📖 (Имам Бухари рофьул ядайн. Сахих)
4. Сулайман ибн Умайр айтат:
💭 «Умму Дарданын (сахаба аял) намазга киргенде жана рукуга кетерде жана рукудан турганда «Сами Аллоху лиман хамидах» деп айтып, эки колун эки ийин тушуна чейин көтөргөнүн көрдүм.»
📖 (Бухари тарийх, рофьул ядайн 5,
Ибн Аби Шииба Мусоннаф 2485,
Ибн Койим рофъул ядайн 36)
5. Тоус (рохимахуллох) намазда кол көтөрүү жөнүндө суралганында, жооп кылып:
💭 «Мен Абдуллах ибн Умарды, Абдуллах ибн Зубайрди, Абдуллах ибн Аббасты намазга киргенде жана рукуга бараарда жана рукудан турганда колдорун көтөргөндөрүн көрдүм» деген.
📖 Байхакий хилавият,
Бухарий рофьул ядайн 74.
АбдуРоззак мусоннаф.
Байхакий насбы рооя 1.417
6. Абдуллах ибн Фахрий (рохимахуллох) айтат:
💭 «Абдуллах ибн Умар айтчу эле: Ар бир нерсенин сулуулугу бар, намаздын сулуулугу такбир айтуу менен колдорду көтөрүү — деп.«
📖 Ибн АбдулБар тамхид,
Бухари рофьул ядайн.
7. Хасан (рохимахуллох) айтат:
💭 «Пайгамбарыбыздын (соллаллоху ъалайхи уа саллам) сахабалары намазда рукунун астында жана рукудан турганда колдорун көтөргөндөрү желпилдеткич сыяктуу көрүнчү эле.«
📖 Бухари рофьул ядайн 75.
Ибн Аби Шииба 2447.,
Байхакий Кубро.
8. Наафиъ (рохимахуллох) айтат:
💭 «Абдуллах ибн Умар (роди Аллоху анху) бирөөнүн намаз окуп, намазында рукунун астында жана рукудан турганда, эки колун көтөрбөгөнүн көрсө, кичинекей таштар менен урат эле » …Башка риваятта «колун көтөргөнчө урат эле.» деп да келет.
📖 Ибн АбдулБар тамхид 224,
Абдуллах ибн Ахмад масааил,
Хааким магрифа 218,
Бухари рофьул ядайн 36,
Навабий сахих деген.
9. Укбату ибн Аамир (роди Аллоху анху) айтат:
💭 «Кимде ким намазында рукуга барардын астында жана рукудан турганда эки колун көтөрсө — анын ар бир көтөргөнү үчүн он жакшылык бар.»
📖 Абдуллах ибн Ахмад масааил 70,
Байхакий маърифа 225,
Хааким таарийх сахих.
10. Умар ибн Абдулазиз (рохимахуллох) айтат:
💭 «Биз Мадинада, бала кезибизде намазда (рукунун астында жана рукудан кийин) колдорубузду көтөрбөгөнүбүз үчүн жазаланчык эле.»
📖 Ибн Абдулбар тамхид 9/219.
Бухари рофьул ядайн 39.
Намазда колду көтөрүү боюнча аалым-имамдардын айткандары
Имам Бухари (рохимахуллох) айтат:
💭 «Хасан менен Хумайд ибн Хилал, пайгамбарыбыздын сахабалары колдорун намаздарында көтөрүшчү деп айтышкан. Бир дагы сахабанын колдорун көтөрБөгөнүн айтышкан эмес жана бир дагы сахабанын намазда колун көтөрБөгөнү илим ээлеринде сахих жол менен келген эмес»
📖 (Рофьул ядайн)
Имам Бухари (рохимахуллох) айтат:
💭 «Абдуллах ибн Зубайир, Али ибн Абдуллах, Яхя ибн Маьийи, Ахмад ибн Ханбал, Исхак ибн Иброхим ушул хадистердин баарын сахих дешчи эле. Булар өздөрүнүн заманындагы илим ээлери эле.«
📖 (Рофьул ядайн)
💭 Байхакий (рохимахуллох) айтат:
«Рукунун алдында жана рукудан турганда эки колду көтөрүү пайгамбарыбыздын (соллаллоху ъалайхи уа саллам) жыйырмадан ашык сахабаларынан риваят кылынган.»
📖 (Маърифа 417)
Хааким (рохимахуллох) айтат:
💭 «Мен пайгамбарыбыздын (соллаллоху ъалайхи уа саллам) төрт халифасынан жана жаннат менен сүйүнчүлөнгөн он сахабасынан жана да башка чоң сахабаларынан риваят кылынган мындан башка бир дагы сүннөттү билбеймин.❗»
📖 (Насбы роя 418)