📎 Байпакка масх тартуу боюнча келген далилдер. Ырайымдуу, Мээримдүү Аллахтын аты менен баштаймын! Оо ыйман келтиргендер, Аллахка, пайгамбарына жана өз араңардагы (мусулман) башчыңарга моюн сунгула. Эгер бир маселеде талашып кала турган болсоңор, ошол маселени Аллахка жана пайгамбарына кайтаргыла, эгерде, Аллахка жана Кыямат күнүнө ыйман келтирген болсоңор. Ошол эң жакшы жана эң туура чечим. Куран Ниса:59. Пайгамбар силерге эмнени берген болсо ошону алгыла да, эмнеден кайтарса, ошол нерседен дароо кайткыла. Аллахтан корккула.Чындыгында, анын азабы катуу. Куран Хашр:7. Айткын: Эгерде Аллахты чындап сүйө турган болсоңор, анда мени ээрчигиле. Ошондо Аллах силерди сүйөт жана күнөөңөрдү кечирет. Аллах Кечиримдүү, Мээримдүү. Куран Али Имрон : 41. Пайгамбардын буйругуна (сүннөтүнө) каршы келгендер (бул дуйнөдө) фитнага (ширкке бидаатка) же (Акыретте) чоң азапка жолугуп калышынан сак болушсун. Куран, Нур : 63. Ирбад ибн Сарийа риваят кылган хадисте пайгамбарыбыз (соллаллоху алейхи уа саллам) айтат: "Менден кийин кимиңер жашай турган болсоңор, көп келишпестиктерди көрөсүңөр. Ошондо, менин сүннөтүм менен менин халифаларымдын сүннөтүн бекем кармагыла"- деп буйруган. Абу Дауд, Тирмизий. Сахих хадис. Саубан ибн Буждуд (роди Аллоху анху) риваят кылган хадисте пайгамбарыбыз солаллоху алейхи уа салам бир топ сахабаларын бир жерге жөнөтөт. Алар барган жерлеринде суук аба ырайына туш болушат. Ошол нерсени пайгамбарыбызга келип айтышканда, пайгамбарыбыз соллаллоху алайхи уа саллам аларды, башты таңуучу (селде) сыяктуу жана бутту жылыта турган (маасы сыяктуу) нерселерге масх тарткыла деп буйруйт. Абу Дауд 146, Ахмаддын Муснады 37/65, Хакимде 169. Хадисти имам Захабий, Хааким жана Албаани сахих дешкен. Бул хадисте пайгамбарыбыз соллаллоху алайхи уа саллам бутту "жылытуучу нерселер" деп жалпы сөз менен айткан. Ошондуктан аалымдар бутту жылытуучу нерселерге маасы, байпак жана башка бутту жылытуучу нерселер кирет деп байпакка масх тартууга ушул хадисти далил кылышат . Имам ибн Асийр, бул хадистеги бутту жылытуучу нерселер дегени маасы менен байпак деп айтат. Ан Нихая китеби. Экинчи хадисте, Мугийро ибн Шуьба роди Аллоху анху айтат: "Пайгамбарыбыз соллаллоху алейхи уа саллам даарат алып, байпагына жана сандалына (үстү ачык бут кийимине) масх тартты деген. Хадис Абу Даудда, Насаийде, ибн Маажах, ибн Хиббан жана Тирмизийде келген. Имам Тирмизий сахих деген. Шейх Албаани жана Ахмад Шакир сахих дешкен. Бул хадисте ачык, байпагына масых тартты деп келген. Ал эми хадистин маанисине аалымдар мындайча түшүндүрүшөт: "Пайгамбарыбыз соляллоху алейхи уа саллам бир эле убакта байпагына жана сандалына (үстү ачык бут кийимине) бирдей тарткан ошон үчүн масх тартуучу кааласа экөөбүнө бирдей тартсын, кааласа байпагынын өзүнө эле тартсын, экөө тең болот"- дешет. Үчүнчү хадис. Абу Муса роди Аллоху анху риваят кылган хадисте пайгамбарыбыз соллаллоху алайхи уа саллам даарат алып байпагына жана сандалына (үстү ачык бут кийимине ) масх тартты дейт. Бул хадис экинчи хадиске сөзү окшош бирок иснады башка. Бул хадис ибн Маажахта, Байхакийде келген. шейх Албаани хадисти сахих деген. 📍Ал эми сахабаларга келе турган болсок: Имам Абу Дауд өзүнүн хадистер жыйнагында пайгамбарыбыздын сахабаларынан байпакка масх тарткандар деп тогуз сахабанын аттарын алып келген. Алар: 1. Али ибн Аби Тоолиб 2. Абдуллох ибн Масьуд 3. Баро ибн Аазиб 4. Анас ибн Малик 5. Абу Умама 6. Сахл ибн Саьд 7. Амру ибн Хурейс 8. Омар ибн Хоттоб 9. Ибн Аббас деп ушуларды алып келет. Имам ибн Мунзир Ал Аусот китебинде ушулар менен кошо башка сахабалардын байпакка масх тарткандарын алып келет. Алар: 1. Аммар ибн Яасир 2. Аби Масьуд ансорий 3. Билал 4. Абдуллох ибн Аби Ауф ушулар менен он үч сахаба болсо, шейх Албаани хадистерди риваят кылган сахабаларды кошуп, он алты сахабадан келген деп айтат. Эми ошол асарлардын кээ бирлерин алып келебиз. 1. Хамаам ибн Хаарис айтат: "Абу Масьуд ансорий (роди Аллху анху) байпагына масх тартчу эле". Абду Роззактын Мусоннафында келген 1/119. Асар сахих. 2. Магмар ибн Котада айтат: "Анас ибн Малик (роди Аллоху анху) байпагына масх тартчу эле". Абду Роззактын Мусоннафы 1/199. Асар сахих. 3. Исмаил ибн Рожа атасынан риваят кылат: "Атам, Баро ибн Аазибтин (роди Аллоху анхума) байпагына масх тартып жатканын көрдум". Ибн Аби Шайбанын Мусоннафында келген. Асар сахих. 4. Амру ибн Куройб айтат: "Али (роди Аллоху анху) даарат алып, байпагына масх тартты". Ибн Аби Шайбанын Мусоннафында келген. Асар сахих. 5. Хамаам ибн Хаарис айтат: "Ибн Масьуд (роди Аллоху анху) байпагына жана сандалына масых тартчу". Ат-Табаронийде 9251. Асар сахих. 6. Аби Хазим айтат: "Сахл ибн Саьд (роди Аллоху анху) байпагына масх тартты." Асар ибн Аби Шайба 1/171. Асар сахих. 7. Абу Голиб айтат: "Абу Умаманын (роди Аллоху анху) байпагына масх тартканын көрдүм". Асар сахих. ибн Аби Шайбанын Мусоннафында 1/171. 8. Яхяа ибн Албакка айтат: "Абдуллах ибн Омар (роди Аллоху анху) айтты: "Байпакка масх тартуу маасыга масх тарткандай эле". Ибн Аби Шайба мусоннаф.1994. 9. Абдуллах ибн Омар (роди Аллоху анху) айтат: "Омар ибн Хоттаб (роди Аллоху анху) жума күнү бейшептеп анан даарат алып, байпагына жана сандалына (үстү ачык бут кийимине) масх тартып, анан адамдар менен жума намазын окуду. Асар ибн Хазм Алмахала 2/85. 10. Ибрахим (рохимахуллох )айтат: "ибн Масьуд (роди Аллоху анху) маасысына масх тартчу жана байпагына масх тартчу" Иснады сахих. Мусоннаф Абду Роззак. 📍Ал эми табийиндерге келе турган болсок. 1.Хусейин айтат: "Иброхим (рохимахуллох) байпакка масх тартчу эле". Ибн Аби Шайба 1977. 2. Жубаир риваят кылат: "Доххаак (рохимахуллох) байпакка масх тартса эч нерсе болбойт дечү эле". Ибн Аби Шайба 1981. 3. Фурот айтат: "Саьид ибн Жубайрдын (рохимахуллох) даарат алып байпагына жана сандалына масх тартканын көрдүм". Ибн Аби Шайба 1989. 4. Ибн Журейжден Ато ибн Аби Робах(рохимахуллох) айтат: "Байпакка масх тартуу, кудум маасыга масх тарткан сыяктуу". Ибн Аби Шайба 1991. 5. Аббад ибн Рошид айтат: "Нафиьтен (рохимахуллох) байпакка масх тартуу тууралуу сурадым эле, байпак маасыдай эле, тартсан болот деп жооп берди". 6. Имам Ахмад айтат: "Байпакка масх тартуу тууралуу пайгамбарыбыздын (соллаллоху алайхи уа саллам) жети же сегиз сахабасынан келген дейт." Мугни китеби. 7. Ибн Мунзир байпакка масх тартса болот деген табийиндерден кийинкилерди алып келет: 1. Ато ибн Аби Робах 2. Саьид ибн Жубаир 3. Иброхим Нахогий 4. Саьид ибн Мусаййаб 5. Хасан 6. Аьмаш 7. Хасан ибн Соолих 8. Суфяан Саури 9. Абдуллах ибн Мубарак 10. Исхаак 11. Мухаммад Аусот китеби. 8. Ибни Кудама айтат: "Пайгамбарыбыздын(соллаллоху алайхи уа саллам) сахабалары байпакка масх тартышкан. Бул нерседе сахабалардын араларында келишпестик болгон эмес. Мугни 127. 📍Ал эми мазхаб ээлерине келе турган болсок. Тахавий айтат: "Ханафий мазхабында байпакка масх тартса болот, эгер калын болсо. Бул нерсени Абу Юсуф жана Мухаммад айтышкан. Ал эми Абу Ханифа байпактын асты үстү кайыштан болуш керек деген. Шархул Асар. Бадааиг Сонааиг аттуу ханафийлердин китебинде Абу Ханифа өмүрүнүн аягында ооруп калганда, байпагына масх тартып, жанындагыларга мен силерди ушул нерседен кайтарчу элем мына бугун ошол нерсени өзүм кылдым деп мурунку пикиринен кайткан деп келет. Касаийдин китеби. Абу Иса айтат: "Солих ибн Мухаммаддын айтканын уктум. Ал айтат: "Мен Абу Мукотил Самаркандийдин айтканын уктум. Абу Ханифанын өмүрүнүн аягында, ооруп калган кезде ага кирдим. Ал суу алдырды дагы даарат алып байпагына масх тартып, андан сон, мен мурда кылбаган нерсемди бүгүн кылып байпагыма масх тарттым"- деп айтты. Ошол байпагынын асты кайыштан болбогон жөнөкөй эле. Имам Тирмизийдин хадис жыйнактарынан 99. Бирок, кийинки ханафий аалымдары башкача фатва беришет. Ал эми Имам Малик наскинин асты үстү кайыштан болуш керек деп кайта бул сөзүнөн кийин кайткан. Ал эми Имам Шаафий менен Имам Ахмад мазхабында байпак калын болсо, ага масх тартса болот. Ибн Хазм (рохимахуллох)айтат: Байпакка масх тартуу үчүн, байпактын асты же үстү кайыштан болушу керек деген туура эмес. Себеби, мындай шарт Куранда дагы, Сүннөттө дагы, кыяста дагы жок нерсе. Пайгамбарыбыздан (соллаллоху алейхи уа саллам) келген хадистерде жана сахабалардан келген асарларда эч кандай шарт келген эмес. Мындай шарт хадистер, асарларда ачык сөз менен дагы келген эмес, маанисинде дагы жок нерсе жана бул шарттарга ишара кылганы да келбеген. Махалла китеби. Ибн Койим (рохимахуллох) айтат: "Кимде ким келген далил менен чектелбей акылга сала турган болсо, ал кээде далилде болбогон бир нерселерди далилге кошуп баштайт да бул кыяс деп, кээде акылга салып далилдеги талап кылган нерселерди кемитип, өкүмүнөн чыгарып анан бул далилге амал кылынбаган же бул кыяска каршы же усулдарга (негиздерге)каршы деп, далилди түп орду менен амал кылбай ташташат. Адам канчалык кыяста терең кеткен сайын, ошончолук суннага каршы келип баштайт. Ошон үчүн акыл менен кыяска салуучуларды сүннөт менен асарга каршы келгендерин көрөбүз. Канчалаган ачык сахих хадистер менен асарлар кыяска салган себептүү өкүмдөрү жокко чыгарылган. Акыл менен кыяска салуучулар үчүн сүннөт менен асарлар эч нерсе эмес сыяктуу. Иьлааму муаккигийн китеби. ❎Ал эми байпак кандай болуш керек? Жукабы же калынбы деген маселеде аалымдардын ортосунда талаш бар. Имам Нававий (Шаафиий аалым): "Аалымдарыбыз Омар менен Алиден (роди Аллоху анхума) байпакка масх тартса болоорун, жада калса байпак жука болсо дагы"- деп айтышкан. Шархы Мухаззаб китеби. Азыркы учурдагы аалымдардан шейх Албаани, шейх Усеймин: байпак жука болсо да масх тартса болорун айтышкан. Шейх Мухаммад ибн Ибрагим, шейх ибн Бааз жана көпчүлүк аалымдар: байпак бут көрүнбөй тургандай калың болуусу керек деп айтышат.

Теги других блогов: Ислам Хадис Пайгамбар